
ӨКМдин маалымат борбору өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүндүгүн билдирди.
"11-майда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда жана 12-майда Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт", - деп айтылат маалыматта.
ӨКМ кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдар жаралса 112 номерине кайрылууга чакырат.