Путин менен Эрдоган Орусия менен Украинанын түз сүйлөшүүлөрүн кайра баштоону талкуулашты

Бүгүн, 11-майда Орусия лидери Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, Эрдоган Путиндин Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн алар токтогон жерден Стамбулда улантуу зарылчылыгы жөнүндөгү билдирүүсүн кубаттай турганын айтты. Жана да Түркия жаңжалды биротоло чечүүгө алып баруучу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экенин билдиргендиги кошумчаланган.

Ошондой эле түрк лидеринин ок атышууну толук токтотуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү үчүн зарыл шарттарды түзөрүн баса белгилегендиги айтылат.

Айта кетсек, буга чейин Путин Украина бийлигин Стамбулга сүйлөшүүгө чакырган. Ал эми Киев алгач ок атышууну 30 күнгө токтоткон соң тынчтык сүйлөшүүсү орун ала тургандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан