Бүгүн, 11-майда Москва шаарындагы Кызыл аянтта параддан өткөн Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенти Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Улуттук гвардиянын Ардак кароол ротасы парадда өзүн татыктуу
көрсөттү. Аскерлер Кызыл аянтта марш тээп өтүү, мамлекетти татыктуу таанылтуу сыймык жана милдет экендигин билдиришти.
Белгилей кетсек, 9-майда Москвада 11 миңден ашуун аскердин катышуусунда парад
өткөн.