Бүгүн, 12-майда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн башка аймактарда күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө +26 ... +31;
Талас жергесинде +25... +30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +28 ... +33;
Ысык-Көлдө +18... +23;
Нарын дубанында +17 ... +22;
Бишкекте +27 ... +29 градус болот.