Президент Садыр Жапаров социалдык тармакта элди туш келди таштанды ыргытпай, отурган жерин жыйнап кетүүгө чакырган кызды "азамат кыз" деп мактап, кыздын видеокайрылуусун жеке баракчасынан бөлүштү.
Активист кыздын айтымында, ар бир адам жарандык жоопкерчиликти сезип, тазалыкты сактоого милдеттүү.
"Мисалы, мен таштанды таштап койсом, аны артымдан мугалим же айыл өкмөт башчысы келип жыйнап кетсе, менде эч качан жарандык жоопкерчилик деген болбойт.
Көпчүлүк учурда мамлекеттик кызматкерлерге "ишембилик кылгыла, айлана-чөйрөнү тазалагыла" деп көбүрөөк басым кылабыз. Биз жарандарга көбүрөөк басым жасайлы", - деген активист элди таштанды таштабоого үндөдү.