"Путинди Стамбулда күтөм". Зеленский Трамптын билдирүүсүнөн кийин оюн өзгөрттү

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын лидери Владимир Зеленскийди Орусия менен Стамбулда сүйлөшүүгө токтоосуз макул болууга чакырды. Тиешелүү билдирүү америкалык лидердин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

"Орусиянын президенти Владимир Путин Украина менен сүйлөшүү алдында ок атышпоо келишимин түзүүнү каалабайт, тескерисинче, бейшемби күнү Түркияда жолугуп, кан төгүүнү токтотуу мүмкүндүгүн талкуулоону каалайт. Украина буга тез арада макул болушу керек. Жок дегенде алар келишимди ишке ашырууга мүмкүнбү же жокпу, аныктай алышат. Эгер андай болбосо, Европа лидерлери жана АКШ абалдын ордун билишет жана ага ылайык иш-аракет кылышат", - деп билдирди Трамп.

Америкалык лидердин билдирүүсүнөн кийин Зеленский Стамбулда Путинди күтөрүн айтты.

"Биз эртеңден тарта ок атышууну токтотууну күтөбүз, бул толук жана узак мөөнөттүү дипломатияны камсыздайт. Өлүмдү улантуунун эч кандай пайдасы жок. Ал эми Путинди бейшемби күнү Түркияда жеке өзүм күтөм. Бул ирет жолугушууга келбей коюуга себеп издебейт деп үмүттөнөм", - деп жазды Украина президенти социалдык тармактагы баракчасына.

Айта кетсек, буга чейин Путин Украина бийлигин Стамбулга сүйлөшүүгө чакырган. Ал эми Киев алгач ок атышууну 30 күнгө токтоткон соң гана тынчтык сүйлөшүүсү орун ала тургандыгын билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан