Ош шаарында муниципалдык кош каржылоо программасынын алкагында көп кабаттуу үйлөрдүн жана административдик имараттардын сыртын жаңылоо, актап, сырдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, учурда Монуев көчөсүндөгү №54, 56 дарегиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн сырты жаңыланууда. Бул жумуштар муниципалдык турак жай-коммуналдык чарба ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Белгиленгендей, кеткен чыгымдын 50 пайызын жергиликтүү бийлик берсе, калган жарымы тургундар тарабынан чогултулууда.