Бишкектин ортосунда жарым гектарга жакын жер тилкеси жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталды

Бишкектеги Панфилов атындагы парктын аймагына жакын жайгашкан жалпы аянты 0,42 гектар болгон муниципалдык жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалымдалгандай, аталган жер тилкесин жеке адамдарга мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык схема Бишкек мэриясынын мыйзамсыз токтому жана айрым жогорку кызматтагы адамдар аркылуу уюштурулгандыгы такталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталды. Соттун чечимине ылайык, аталган комплекс мамлекеттин менчигине өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан