Кытайдагы шаарлардын бириндеги чоң жолдо эки суур мушташып, бир канча убакытка унаа кыймылын токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, окуянын видеосун жарыялашты.
Видеодон жолдун ортосунда эки суурдун мушташып жатканын жана аны көргөн айдоочулар унаа кыймылын токтотуп турушканын көрүүгө болот.
Окуяга күбө болгон айдоочулар жаныбарларды ажыратууга аракет кылышкан эмес, тескерисинче, жолдун четине өздөрү чыгып кеткиче сабырдуулук менен күтүп турушкан.