
Балыкчы - Кочкор унаа жолунун 39-чакырымынан 42-чакырымына чейинки аралыгы жаңы курулуп жаткан темир жолдо бургулоо-жардыруу иштерине байланыштуу мезгил-мезгили менен жабылып турат.
"Кыргыз темир жолу" мекемеси билдиргендей, мындай чектөө быйыл 1-сентябрга чейин уланмакчы.
Чектөө графиги:
- Дүйшөмбү күнү саат 00:30дан баштап шейшемби күнү саат 00:30га чейин;
- Шаршемби күнү саат 00:30дан баштап бейшемби күнү саат 00:30га чейин;
- Жума күнү саат 00:30дан баштап ишемби күнү саат 00:30га чейин жабык болот.
Калган күндөрү жол ачык болот.
Мекеме айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү алдын ала альтернативдүү жолдорду пландаштырууга чакырды.