2025-жылдын май айы. Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарында цементтин баасы кымбаттаганы тууралуу маалыматтарга байланыштуу өлкөнүн ири өндүрүүчүлөрү – ААК "Кант цемент заводу" жана ЖЧК "Терек-Таш" (Чүй цемент заводу) төмөнкүдөй түшүндүрмө беришет. Азыркы учурда өлкөдө кеңири курулуш иштери жүрүүдө: Бишкекте Борбор Азиядагы эң ири стадиондун курулушу, мамлекеттик жана жеке турак жайлардын салынуусу цементке болгон суроо-талапты кескин жогорулатты.
Мындан тышкары, Чүй цемент заводу оңдоо жана жабдууларды жөнгө салуу иштерине байланыштуу убактылуу 20 пайыздык кубаттуулукта гана иштеп жатат. Бул завод 2025-жылдын 16-майынан тарта толук кубаттуулукта (суткасына 5000 тонна) иштеп баштайт. Кант цемент заводу кадимки режимде иштеп жатат жана күнүнө 3200 тонна цемент өндүрүүдө. Июнь айынан баштап бул көрсөткүч 4200 тоннага жетет.
Ошондой эле, цемент Кызыл-Кыя, Араван заводдорунан жана Казакстандан туруктуу негизде жеткирилүүдө. Өндүрүүчүлөр жарандарды дүрбөлөңгө алдырбоого жана кээ бир адилетсиз ортомчулардын жасалма түрдө бааны көтөрүп жатканына алданбоого чакырышат. Рыноктогу убактылуу тартыштык жакынкы күндөрү чечилип, цемент жеткирүү толук калыбына келет. Азыркы учурда дагы Чүй цемент заводунда цемент токтобостон өндүрүлүп бир кап цемент 315 сомдон, ал эми Кант цемент заводу бир кап цементти 340 сомдон сатууда.