О! мобилдик оператору Intern Labs окуу программасынын алкагында маалыматтык коопсуздук боюнча учурда иштеп жаткан эксперттер менен биргелешип иштеп чыккан Cyber Security 1.0 акысыз стажировкасына кабыл алуу жарыялады. Программа үч айга эсептелген (июнь – август) жана анын алкагында жумасына эки жолу – шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 16:00дөн 18:00гө чейин практикалык сабактар өткөрүлөт.
Тандоо этабы 12-майдан 25-майга чейин өтөт. Стажировка 2025-жылдын 6-июнунда башталат. Өтүнмөнү долбоордун internlabs.o.kg сайтынан берсе болот.
Маалыматтык коопсуздук – IT тармагында өтө тез өнүгүп келе жаткан багыттардын бири. Бир гана Кыргызстанда эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө адистерге суроо-талап жогору. Компаниялар теорияны гана билбестен, билимдерин практика жүзүндө дагы колдоно билген кесипкөйлөрдү издешет. Ал эми Intern Labs Cyber Security 1.0 дал ушул шарттарды камсыздайт.
Катышуучуларды киберкоопсуздуктун негизги темалары: операциялык тутумдарды жана түйүндөрдү коргоо, чабуулдардын анализи, санариптик криминалистика жана инциденттерге реакция кылуу боюнча интенсивдүү окуу күтөт. Программа маалыматтык коопсуздук жана SOC-аналитика чөйрөсүндө талап кылынган прикладдык көндүмдөргө ээ кылууга багытталган:
Ар бир тема практикалык тапшырмаларды жана өз алдынча иштерди камтыйт, бул ээ болгон билимдерди чыныгы кейстерге колдонуу мүмкүндүгүн берет.
Долбоор Кыргызстандын санариптик гиганты – О! компаниясы тарабынан жүзөгө ашырылып жатат. Буга чейин Intern Labs алкагында Java Backend жана QA Automation боюнча сегиз стажировка ийгиликтүү ишке ашырылып, программаны 200дөн ашуун жаш адис бүтүрүп чыккан. Алардын көбү учурда О! компаниясында, банктарда, ИТ-компанияларда жана мамлекеттик түзүмдөрдө эмгектенип жатышат.
Intern Labs Cyber Security 1.0.
Бул жөн гана окуу эмес. Бул – келечекке карай кадам.
Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба – internlabs.o.kg
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КРлицензиялары