Президент Садыр Жапаров 12-13-май күндөрү иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Билдирүүгө ылайык, иш сапардын алкагында мамлекет башчы бир катар аймактык объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышып, социалдык объектинин ачылышына катышат. Ошондой эле мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырмакчы.