Индия өлкөнүн түндүгүндө жана батышында Пакистан менен болгон чыңалуудан улам жабылган 32 аэропортун ачты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.
Маалымдалгандай, Индиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Сунил Бартвал Жамму жана Кашмирде абал тынч экенин билдирди. Индия бийлиги Пакистан менен болгон чыңалуудан улам өлкөдөгү 487 аэропорттун 32си жабылганын жарыялаган.
Эске салсак, 23-апрелде Кашмирдеги Пахалгам шаарында туристтерге ок атылып, 27 адам каза болуп, ондогон адам жарадар болгон. Бул аймак Индия тарабынан көзөмөлдөнөт, бирок Пакистан ага көптөн бери доомат артып келет.
Жакында АКШ лидери Дональд Трамп Пакистан менен Индия ок атышууну токтотууга макул болгонун жарыялап, келишим 10-майда саат 17:00дөн баштап ишке ашкандыгы айтылган.