Жети-Өгүз районунун Ак-Терек аймагында токой ресурстарын пайдаланууга байланыштуу олуттуу экологиялык мыйзам бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, аталган аймактагы Эки-Бала тилкесинен 59 даана Тянь-Шань карагай балатысы кыйылгандыгы аныкталды. Ал эми Кара-Суу тилкесинен узундугу 1,5 метрден 3 метрге чейинки 59 даана кыйылган балаты табылды. Булардын баары мыйзамсыз кыйылган.
Учурда факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө.