Бүгүн, 12-майга карата Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 9 миллиард 432 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын маалыматында көрсөтүлөт.
Бүгүнкү күндө суу сактагычка суунун агып кириши секундуна 1042 метр кубду түзсө, суунун агып чыгышы секундуна 330 метр кубду түзүүдө.
Эске салсак, бир ай мурун, 12-апрелде аталган суу сактагычтагы суунун көлөмү 8 миллиард 528 миллион метр кубду түзгөн.