Бүгүн, 12-майда Бишкек шаарында медайымдык иш боюнча VI эл аралык форум өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чара бүткүл дүйнөлүк медайымдар жана акушерлер күнүнүнө карата өткөрүлдү. Форумга Кыргызстандын бардык аймагындагы саламаттыкты сактоо уюмдарынын медайымдары, Корея Республикасынын элчилигинин өкүлдөрү, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын өкүлдөрү катышты.
Форумдун ачылышында Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиева жана саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси Элнура Боронбаева сөз сүйлөп, медайымдардын оорулардын алдын алууда жана калктын жашоо сапатын жогорулатууда зор салымы бар экенин баса белгилешти.
"Медайымдык илим: изилдөө, өнүгүү жана инновациялар" урааны алдында өткөн форум төмөнкү негизги багыттарды талкуулоого арналды:
"Бүткүл дүйнөлүк медайымдар күнү "Биздин медайымдар. Биздин келечек. Медайымдарга кам көрүү - экономиканы чыңдайт" ураанынын алдында өтүүдө. Реформанын алкагында дарыгерлердин айрым функциялары, айрыкча жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, эне жана баланын ден соолугун коргоо, паллиативдик жардам көрсөтүү тармактарында медайымдарга өткөрүлүп берилүүдө", - деп жазылат маалыматта.