Кытай орбитага спутниктердин тобун учурду

Кытай Жердин электромагниттик талаасына байкоо жүргүзүү үчүн Yaogan-40-02 спутниктер тобун ийгиликтүү учурду. Бул тууралуу Кытайдын аэрокосмостук илим жана технологиялык корпорациясы (CASC) билдирди.

Учуруу кечээ, 11-майда Шаньси провинциясындагы Тайюань космодромунан CZ-6A (Чанчжэн-6А) ракетасынын жардамы менен ишке ашырылган.

Жердин электромагниттик талаасына байкоо жүргүзүү үчүн учурулган спутниктердин маалыматтары космостук аба ырайын алдын ала айтууга жана сейсмикалык активдүүлүккө байкоо жүргүзүүгө жардам берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан