2-8-май күндөрү Индиянын Дели шаарында өткөн параармрестлинг боюнча 22-Азия биринчилигинде кыргызстандык спортчулар байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалымдалгандай, мелдешке өлкөнүн атынан үч спортчусу катышкан.
- Токтосун уулу Бекболсун (60 килограмм салмак категориясы, кыймыл жана таяныч мүмкүнчүлүгү чектелген) сол жана оң кол боюнча эки алтын байге алып, эки жолку Азия чемпиону аталды.
- Камчыбек уулу Эрлан (60 килограмм салмак категориясы, угуу мүмкүнчүлүгү чектелген) сол кол боюнча 3-орун, оң кол боюнча 2-орунду ээлеген.
- Нурматов Евгений (90 килограммдан ашык, көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген) сол кол боюнча күмүш, оң кол боюнча коло медаль тагынган.