Чет элдик басылмалар Күрдистан жумушчу партиясы (ПКК) өз ишин токтотуу чечимин кабыл алганын жарыялаганын жазып чыгышты.
Буга чейин февраль айынын аягында Түркияда өмүр бою эркинен ажыратылган ПККнын негиздөөчүсү Абдулла Ожалан уюмду куралын таштоого жана ишмердүүлүгүн токтотууга чакырган. Ал уюм 20-кылымда, тагыраагы, күрддөргө карата зомбулук колдонулуп жаткан учурда уюшулганын белгилеп, учурда кырдаал өзгөргөнүн билдирген.
ПКК 1978-жылы Түркиядагы күрд калкынын укуктарын коргоо максатында түзүлгөн. Түрк бийлиги аны террордук уюм деп эсептейт.