Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Калыбек Чепеевге коомдук жайда тамеки тартканы үчүн айып пул салынды.
Кесиптешинин Бишкек шаарынын мэриясынын имаратынын алдында чылым тартып жаткандагы видеосу менен шаардык кеңештин депутаты Болот Ибрагимов социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү. Видеодон милиция кызматкерлери шаардык кеңештин жыйынына катышып жаткан Чепеевди сыртка алып чыгышып, ага 3 миң сом айып пул салышканын да көрүүгө болот.