Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына өлкө башчы Садыр Жапаров менен УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин Жалал-Абад шаарындагы сейил бактардын биринде эл менен чогуу жүргөнү тартылган видео жүктөдү.
Туманбаев муну "бийлик менен элдин биримдиги" деп сыпаттады.
Белгилей кетсек, мамлекет башчы учурда Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүрөт. Жапаров бүгүн, 12-майда Жалал-Абад шаарына Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынган "Асман Резиденс-1" көп кабаттуу турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземине катышты.