Садыр Жапаровдун колунан батиринин ачкычын алган беш балалуу эне президентти алкады (видео)

Бүгүн, 12-майда өлкө башчы Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Жалал-Абад шаарына салынган "Асман Резиденс-1" көп кабаттуу турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземине катышты.

Анда президенттин колунан батиринин ачкычын алган беш баланын энеси, бала бакчанын тарбиячысы Жыпаргүл Момбековага Жапаровго ыраазычылыгын билдирди.

"Ишиңизге ийгилик! Кыргызстандын тарыхында өлкөнү өнүктүргөн эң алгачкы президент болуп калышыңызга тилектешмин", - деди ал.

Айта кетсек, "Асман Резиденс-1" көп кабаттуу турак жай комплекси жети тогуз кабаттуу блоктон турат жана 639 батирди камтыйт. Жер астында 138 жана жер үстүндө 50 орундуу унаа токтотуучу жай, ошондой эле балдар аянтчасы бар.

12.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан