Индия Пакистандын кадамына көз салмай болду

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Дели Пакистанга сокку уруусун токтотконун билдирди.

"Биз Пакистандагы террористтерге жана аскерий базаларга каршы жооп чарабыздан жаңы эле тыныгуу алдык. Жакынкы күндөрдө Пакистандын жасаган ар бир кадамына баа беребиз", - деп келтирет анын сөзүн чет элдик басылмалар.

Моди ок атышууну токтотуу сунушу Исламабаддан келгенин белгилеген.

Белгилей кетсек, Индия менен Пакистандын ортосундагы тирешүү 22-апрелде Индиянын түндүгүндөгү туристтик жайда согушкерлер тобу элге ок аткандан кийин курчуган. Анда 26 адам каза тапкан. Индия чабуул үчүн Пакистанды айыптап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан