Бишкекте ишкерге айып пул салган салыкчы жоопкерчиликке тартылды

Бишкекте ишкерди мыйзамсыз текшерген салыкчы административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалымдалгандай, 2024-жылдын 14-октябрында Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи Май райондук башкармалыгынын башкы инспектору жеке ишкерге акциздик маркасы жок товарларды саткандыгы үчүн 65 миң сом административдик айып салуу жөнүндө токтом чыгарган. Анын мыйзамдуулугун карап берүү үчүн ишкер прокуратурага кайрылган. Бирок өкмөттүн тийиштүү токтомуна ылайык, маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын 2025-жылдын 1-январына чейин жүгүртүүгө уруксат берилген.
"Жогорудагы мыйзам бузууларды жоюу максатында Башкы прокуратура тарабынан айып салуу жөнүндө токтом жокко чыгарылган. Ал эми мыйзам бузууга жол берген салык кызматынын башкы инспектору Укук бузуулар кодексинин 435-беренесине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылды", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан