
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстан жана Орусиянын аймактарынын достук паркында болду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы
Аскат Алагөзов билдирди.
Маалымдалгандай, мамлекет башчысы парктын аймагын көрүп чыгып, анын көрктөндүрүлүшү жана эс алуу жайлары менен таанышты.
"Ал шаар тургундары менен баарлашып, алардын ой-пикирин жана каалоо-тилектерин угуп, шаардыктар менен бирге сүрөткө түштү. Ошондой эле ал жергиликтүү бийликти жана жашоочуларды шаардагы тазалыкты, тартипти жана ыңгайлуулукту сактоого өзгөчө көңүл бурууга чакырып, өз шаарына кам көрүү ар бир адамдын жоопкерчилигинен башталарын баса белгиледи", - деп айтылат билирүүдө.