Бишкек-Ош жана Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунда айдоочуларга дрондор менен байкоо жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
"Аталган унаа жолдордо кырсыктарды алдын алуу максатында жол эрежесин одоно бузуп, карама-каршы тилкеге чыгып айдаган айдоочуларга дрон менен байкоо жүргүзүлүүдө. Анын негизинде Укук бузуулар кодексинин 188-беренесине ылайык протоколдор түзүлүп жатат, - деп билдиришти мекемеден.
Чүй облустук ЖКККБы жарандарды карама-каршы тилкеге чыкпоого, ылдамдыкты ашырбай айдоого жана жол эрежелерин сактоого чакырат.