Баткен облусунда үч эм кыз төрөлдү. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, үч эмди Баткен районунун Боз-Адыр айылынын 34 жаштагы тургуну жарыкка алып келди. Ымыркайлар 30-апрелде төрөлгөн. Учурда эненин жана ымыркайдын абалы жакшы, дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Жергиликтүү жетекчилер үч эмден кабар алганы Ош облустук төрөт үйүнө барышты. Ымыркайлар үчүн Баткен райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан баалуу белектер, эне жана наристелер үчүн керектүү буюмдар жана Суу-Башы айыл өкмөтү тарабынан 40 миң сом акчалай белек тапшырылды.
Кыздарга Муслима, Дариха, Фатима деген ысым ыйгарылганы айтылат маалыматта.