Ырчы, дастанчы Азиз Батыровдун апасы Сабира Үсөнбай кызы 60 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу ырчы мырза социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Маалыматка ылайык, ырчынын апасы 12-майда жерге берилген.
"Апам эч ооручу эмес. Кокустан эле ооруп калды, билбей калдык. Операция болгон. Апамды кечээ жерге бердик", - деп билдирди ырчы.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Азиз Батыровдун аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.