АКШга Фулбрайт программасы аркылуу барып, учурда чет элдик студенттерге кыргыз тилин үйрөтүп жаткан мекендешибиз Уларбек Раимбеков менен маектештик. Ал көпчүлүктүн кыялына айланган Америкага болгон сапары, программадан үйрөнгөн көндүмдөр, жумуш тажрыйбасы тууралуу сөз кылды. Мындан сырткары аталган программага катышууну каалаган жарандарга кеп-кеңештерин да айтты.
Уларбек Раимбеков 1982-жылы 3-ноябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырзаке айылында төрөлгөн. Ушул эле айылдагы мектепти аяктаган. Андан соң Өзгөн Технология жана билим берүү институтуна англис тили мугалими адистиги боюнча тапшырып, 2006-жылы аяктаган. Үй-бүлөлүү. 1 уул, 2 кызы бар. Маектешибиз АКШга кеткенге чейин борбор калаадагы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде мугалим болуп иштегенин айтат.
— Уларбек мырза, саламатсызбы? Иштериңиз жакшыбы? Азыркы учурда АКШнын кайсы штатында, кайсы окуу жайда иштеп жатасыз?
— Саламатсызбы, азыркы учурда Индиана штатында Блумингтон шаарында жайгашкан Индиана университетинде кыргыз тилинен сабак берип жатам.
— Фулбрайт программасына качан, кантип катышып калдыңыз эле?
— Фулбрайт программасына 3 жыл катары менен тапшыргам. Анын ичинен 2023-жылы гана ийгиликтүү болду деп айтсам болот. Тандоо 1 жыл бою болгондуктан Индианага 2024-жылы август айында келдим.
— Программа тууралуу дагы маалымат берип өтсөңүз. Жаш курак боюнча чектөөлөр барбы? Англис тилин кайсы деңгээлде билүү керек?
— Фулбрайттын чет тили боюнча адис программасы (Fulbright FLTA) АКШ өкмөтү тарабынан каржыланат. Жыл сайын Кыргызстандын англис тили мугалимдери Американын университеттеринде кыргыз тилин үйрөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Анда сабак эле бербестен, программанын катышуучусу Американын студенттери менен бирге өзү кызыккан тармакта сабак алышат. Ошондуктан англис тилин билүү деңгээли сабак окуганга жетиштүү болуш керек. Тандоо жогоруда айтып өткөндөй, 1 жыл жүрөт. Кыргыз тили боюнча жылына бир эле мугалим тандалат. Программанын убактысы бир жылга чейин. Толугураак маалыматты АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин сайтынан да алса болот. Негизи программа бардык чыгымдарды (жатакана, тамак-аш, стипендия) каржылап берет.
— Ал эми Фулбрайтка катышып жаткан жарандар эмнелерге көңүл бурушу керек? Эсседе эмнелерди жазуу зарыл?
— Эссе жазууда программанын талаптарына жана максаттарына көңүл буруш керек. Катышуучу жетишкендиктерин так мисалдар менен көрсөтүп бергени жакшыраак. Ошондой эле өзүнүн күчтүү жактарын чагылдырып, Америкадагы тажрыйбасы менен Кыргызстанда коомго кандай пайда алып келе аларын да белгилей кеткени дурус.
— Кандай документтер керектелет?
— Тапшыруу биринчи онлайн платформада болот. Мындан улам эссе, диплом, сыяктуу документтер платформага жүктөлөт. Андан кийин 1 жана 2-айлампадан өткөндөр кошумча документтерди да жиберишет.
— Программа сизге эмнелерди үйрөттү?
— Биринчиден англис тилин колдонууну иш жүзүндө дагы да жакшырта алдым деп ойлойм. Билим берүүдө технологияны кантип колдонуу боюнча сабак алдым. Ошондой эле Американын биз билбеген маданияты жана тарыхынан кабардар болдум.
— Чет өлкөлүк студенттерге кыргыз тилин үйрөтөт экенсиз. Бул көп эмгекти талап кылса керек…
— Бул программага чейин кыргыз тилин чет өлкөлүктөргө үйрөтүү боюнча тажрыйбам бар болчу. Ошол үчүн кыйын деле болгон жок. Англис тилин үйрөтүүдөгү ыкмаларды да колдондум. Бул жакта кыргыз тилин үйрөнгөндөр аябай кызыгуу менен бат эле үйрөнүп кетишти. Менимче, көп кыйынчылык деле болгон жок.
— Тактоо иретинде, кыргыз тилин үйрөнгөндөрдүн баары америкалыктарбы?
— Түркиянын жарандары бат үйрөнүштү. Америкалыктар деле бат үйрөнүшөт. Бир жумада 4-5 сабак өтөм. Калган убакытта өзүм башка сабактарга катышам.
— Индиана университетинде сизден башка дагы кыргызстандыктар барбы аталган программа менен барган?
— Университетте бул программа менен келип, стипендия утуп, магистратура, докторантурада окуп жаткан кыргызстандыктар бар.
— Эң сонун, кандай ыкмаларды колдоносуз сабак өтүүдө? Кызык болгону кыска убакытта чет өлкөлүк жарандардын кыргыз тилин үйрөнө алганы болууда. Мисалы, көпчүлүк чет тилдерди үйрөнүүдө узак убакытка курстарга барышат эмеспи.
— Коммуникативдүү ыкма колдоном. Студенттерге керектүү гана чөйрөдө кыргызча сүйлөшүү мисалы: аэропортто, кафеде, такси чакырууда жана башка кыргыз тилин кантип колдонсо болорун үйрөтөм. Көңүл коюп окуса, бат эле үйрөнүп кетишет. Негизгиси тырышчаак болуш керек.
— Уларбек мырза, пайдалуу, кызыктуу маалыматтар менен бөлүшүп, маек куруп бергениңизге ыраазычылык билдирем. Ишиңизде ийгиликтер мол болсун!