Жер сатам деп акча алган. Сокулукта алдамчылыкка шектүү аял кармалды

Чүйдүн Сокулук районунда жер тилкесин сатуу боюнча алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция маалымат берди.
28-апрелде милицияга кайрылган жаран 2019-жылы Д.Г.аттуу жаран Кожомкул айылынан (мурдагы Военно-Антоновка) 2 гектар жер сатам деп, андан 46 500 доллар алганын билдирген.
Текшерүүдө көрсөтүлгөн жер тилкеси башкаларга таандык экендиги маалым болгон. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (чоң өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Ага шектелип, 64 жаштагы Д.Г. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын үйүнө тинтүү жүргүзүүдө тергөөгө маанилүү болгон мөөрлөр, нотариалдык бланктар, реестр журналы жана башка документтер табылган.
Милиция шектүүдөн жабыр тарткан же кандайдыр бир маалыматы бар жарандар нөөмөт бөлүмүнө 0 (312) 60-75-67, же 0 (705)81-81-82, 0 (771) 05-09-03, 0 (709) 18-07-98, 0 (703) 20-70-00, жана 102 номерине кайрылса болорун кошумчалады.
Тергөө улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Жумабек
2025-05-13 14:03:00
Көзү тосуу болуп көрүнбөсө ким тааныйт кантип тааныйм аны
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан