Эртең, 14-майда Ысык-Көл, Нарын облустарынын бийик тоолуу аймактарында жаан-чычын күтүлөт. Өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматында айтылат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13.. +18, күндүз +29 ... +34;
Талас жергесинде түнкүсүн +12... +17, күндүз +28... +33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15... +20, күндүз +31... +36;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +6... +11, күндүз +21 ... +26;
Нарында түнкүсүн +3 ... +8; күндүз +19... +24;
Бишкекте түнкүсүн +15... +17, күндүз +31... +33 градус болот.