Бүгүн, 13-майда Сузактын Барпы айыл аймагындагы Чокмор айылында аймактык оорукананын төрөт бөлүмү жана балдар ооруканасы колдонууга берилди. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Президент оорукананы Ташиевдердин үй-бүлөсү 570 миллион сомго курганын, курулушу бүткөн соң мамлекетке өткөрүп берип жаткандыгын билдирди.
"Мурда чиновниктер Кыргызстандан тапкан акчаларын чет жакка чыгарып кетишип, ошол жакка бизнес ачып, завод-фабрикаларды салып, ошол жакка заңгыраган имараттарды курушчу. Бүгүн да ошол бизнестерин көзөмөлдөп Кыргызстанга келе албай жүргөндөрдү баарыбыз билебиз. Мына ошолор сыяктуу болбостон, Ташиевдердин үй-бүлөсү өзүнүн мунай базасын сатып, анын акчасына ушул төрөт үйүн салып, мамлекетке өткөрүп берип жатат. Бул “элде болсун, элде болсо, бизде болот” деген сөз. Мындай кадам башкаларга үлгү болушу керек.
280 миң калкы бар Сузак району – өлкөбүздөгү ири райондордун бири. Мына ушундай чоң аймак болгондуктан, энелердин да, балдардын да ден соолугуна кам көрүү, төрөткө чейин жана төрөт учурунда керек болгон бардык шарттарды түзүү, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн кошумча ооруканага болгон муктаждык жаралып келген. Бул боюнча кайрылуу каттар да келип, жолугушууларда өтүнүчтөр дагы айтылган эле. 65 орунга ылайыкташкан Сузак аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмү суткасына төрөт көп болгон учурларда кошумча орундардын, дарыгерлердин жана заманбап медициналык жабдуулардын тартыштыгынан улам бир топ эле кыйынчылыктарды тартып келишкени белгилүү. Мындай көрүнүш мамлекеттин саламаттыкты сактоо системиндеги жана аймактагы олуттуу көйгөйлөрдүн бири болгондуктан, мына ушул үч кабаттуу жаңы төрөт бөлүмүн жана балдар ооруканасын салууну пландап, мына минтип ишке ашырып олтурабыз", - деди Жапаров.
Белгиленгендей, заманбап төрөт бөлүмү жана балдар ооруканасы жайгашкан үч кабаттуу имарат 150 орунга ылайыкташкан. Объектти курууга жергиликтүү бийлик тарабынан 3 гектар жер бөлүнгөн. Медициналык мекеменин курулушуна 570 миллион сом сарпталды. Аталган ооруканага УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин апасы Алийма Ташиеванын ысымы ыйгарылды.