"Аба каттамдарына талап жогору..." Жапаров "Жалал-Абад" эл аралык аэропортунун курулушуна капсула салды

Бүгүн, 13-майда президент Садыр Жапаров Сузак районундагы "Жалал-Абад" эл аралык аэропортунун курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жапаров белгилегендей, азыркы тапта өлкөдө жүргүнчүлөрдүн агымынын олуттуу өсүшү менен ички жана эл аралык аба каттамдарына суроо-талаптар жогорулоонун үстүндө. Бул өлкө аймагында аэропортторду кеңейтүү зарыл дегенди туюндурат.

"Соңку жылдары өлкөбүздө авиация тармагында кеңири реформалар жүргүзүлүп, коопсуздукту жогорулатуу, инфратүзүмдү жаңылоо, кадрдык базаны чыңдоо жана эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү багытында реалдуу жыйынтыктарга жетиштик. "Жалал-Абад" эл аралык жаңы аэропортунун курулушун баштоо буга айдан ачык мисал болуп бере алат", - деп белгиледи президент.

Жаңы аэропорт 380 гектардан ашык аянтка жайгашат. Эки кабаттуу жүргүнчү терминалынын аянты 10 миң чарчы метрди түзүп, өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 350 жүргүнчүнү түзөт. Аэродромдун инфратүзүмү эл аралык стандарттарга жооп берет: 3800 метрлик учуу-конуу тилкеси, эки рулеждик жолчо жана алты учак токтотуучу жай аэропортко жүргүнчүлөрдү да, жүктөрдү да кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Жаңы аэропорт 4E категориясына кирет, бул Boeing 737, Airbus A320 жана A321 сыяктуу чоң учактарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн ачат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан