Бүгүн, 13-майда Бишкекте Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналып “Алыкул Осмоновдун поэзия дүйнөсү” аттуу эл аралык форум өтүүдө.
Маалыматка ылайык, бул форум акындын чыгармачылыгын илимий-академиялык деңгээлде даңазалоо жана изилдөө максатында уюштурулган. Форумга Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова да катышты.
Райымкулова форумдун ачылышында Алыкул Осмоновдун поэтикалык мурасынын бүтүндөй түрк цивилизациясы үчүн маанисин, фонд 2024-жылы Алыкул Осмоновдун Бишкектеги үй-музейин калыбына келтирүү жана музейлештирүү долбоорун ийгиликтүү ишке ашырганын белгиледи.
Белгилей кетсек, кечээ, 12-майда Алыкул Осмонов атындагы үй-музейинде жайгашкан бюстка салтанаттуу гүл коюу аземи өткөн.
Салтанатка Актоты Райымкулова, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү жана башка коноктор катышты.