Бишкек шаардык ички иштер башкармалыктарынын биринде атайын тергөө иштери жүргүзүлүп, документтер алынды. Бул тууралуу 13-майда Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалымдагандай, текшерүү кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлдү. Учурда тергөө иштери уланып жатканын, жыйынтыгы чыкканда кошумча маалымат берилерин белгилеп, мындай иштер органдардагы абийирсиз кызматкерлерди тазалоо үчүн болуп жатканын кошумчалады министрлик.