Орусиянын кара тизмесинен 4 миң кыргызстандык мигрант чыгарылды 

Орусиянын миграциялык кара тизмесинен 4 миң кыргызстандык жаран чыгарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, жакынкы күндөрдө дагы 36 миң адамдын кара тизмеден чыгарылышы күтүлүп жатат. Тизмеден чыгуу үчүн жарандарда банктык карыз же медициналык жактан себептер болбошу керек.

"Орусиянын миграциялык кара тизмесинен 4 миң кыргызстандык жаран чыгарылды. Азыр жалпы 70 миң кыргыз жараны кара тизмеде. Бул апрель айына алынган акыркы маалымат. Бул тизме тез-тез өзгөрүп турат.

Москва шаарында биздин атайын өкүлчүлүк бар, ошол жерге барып өздөрү тууралуу маалымат алышса болот. Элчиликке дагы кайрыла алышат. Эң жеңил жолу өздөрү тууралуу маалыматты migrant.kg сайтынан текшерип алышса болот", - деди министрдин орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан