Өлкө боюнча май майрамдарында 61 экологиялык мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда
Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-майдан 11-майга чейин экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жана анын аймактык башкармалыктары өлкөнүн бардык аймактарында рейддерди өткөрүшкөн. Анда аныкталган мыйзам бузуулардын көбү мыйзамсыз балык уулоо болгон. Мындай 50 учур катталып, салынган айыптардын суммасы 271 миң сомду түзгөн.
"Иш-чаралардын негизги максаты - өзгөчө экосистемдерди калыбына келтирүү үчүн абдан маанилүү болгон мезгилде алдын алуу жана экологиялык маалымдуулукту жогорулатуу", - деп билдирди министрлик.