Бишкек ЖЭБинде жылуулук берүү жабдууларын оңдоо иштери жүрүүдө

Бишкек ЖЭБинде жыл сайын өтүүчү пландуу оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мындай иштер кышында шаарды жылуулук жана жарык менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жасалат.

"Азыр негизги жабдуулар текшерилип, керектүүлөрү оңдолууда. №9 турбоагрегат толук оңдолуп бүттү, ал эми №8 турбогенераторго жеңил оңдоо иштери жасалды. Оңдоо иштерин ЖЭБдин кызматкерлери менен катар атайын компаниялар да жүргүзүп жатат. Бул иштердин тез жана сапаттуу бүткөрүлүшүнө жардам берет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан