Сириянын түндүк-батышындагы Ирак ислам мамлекети жана "Левант" деп аталган уюшмалардын салгылашында кеминде 700
адам набыт болду. Бул тууралуу 13-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Адам укуктарын коргоо боюнча уюмдарынын маалыматына
караганда, 3-январдан 11-январга чейин 246 исламды жактоочу, көтөрүлүшкө чыккандардын
351и жана 100 жаран каза тапкан. Мындан сырткары эки тараптын жүздөгөн адамдары
туткунга алынып, акыркы күндөрү салгылаштар күчөй баштаган.
Козголоңчулар "Аль-Каида" менен ымалалаш топтор менен согушуп жатканда өкмөттүк күчтөр Алеппо шаарына жакындап келди. Кечээ Сириянын армиясы Алепподон түндүктөгү Накарин шаарын басып алды.