Биз социалдык тармакта

Кочкордо дайынсыз жоголгон 16 жаштагы кыз Жумгалдан табылды

Кочкор районунда дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалымдагандай, кечээ, 12-майда милицияга Төлөк айылынын 38 жаштагы тургуну кайрылып, кызы 7-май күнү үйдөн Кочкор айылына чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгонун айткан. Мындан улам издөө иштери башталган.

Облустук милиция өспүрүм Жумгал районунан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилгенин белгилеп, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан