Депутат: "Ивесторлордун бардыгы Жапаров менен Ташиевге ишенишкенинен келип жатышат" (видео)

Өлкөдөгү мыйзамдуу инвесторлордун бардыгы президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге ишенишкенинен келип жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин Отун энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов билдирди.

Жыйында "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан.

"Ошондуктан бул мыйзамды да эртелеп кабыл алып бере турган болсок, анда инвесторлор мындан дагы көбүрөөк келишет. Бул өтө керектүү мыйзам", - деди Сулайманов. Жыйынтыгында долбоор колдоо тапты.

13.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан