Ирактагы жардыруудан улам бир түндө 24 адам набыт болду

Иракта 12-январдагы жардыруулардан 24 адам набыт болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, Багдаддагы 3 жардыруу 15 адамдын өмүрүн алып кеткен жана андан кеминде 37 адам жаракат алган. Өкмөттүн армияга кабыл алынып жаткан жаңы жоокерлер турган аялдамадагы жардырууда 9 адам мерт кетти. 

Ушундай эле окуя 9-январда катталып, анда 23 солдат террористтердин колунан каза тапкан. 

2014-жылы саясий топтор менен диний агымдардын салгылашынан каза тапкандардын саны 440 адамга жетип, 2013-жылы 6 000ден ашуун адам набыт болгон.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан