Мексиканын Веракрус штатындагы үгүт митинги трагедияга айланып, мэрликке талапкер Есения Лара Гутиеррес үч киши менен кошо атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар билдиришти.
Маалымдалгандай, анын жолугушуусу Фейсбук социалдык желесинде түз эфирде көрсөтүлүп жаткан. Тасмада Гутиеррес колдоочулары менен учурашып жатканы көрсөтүлгөн. Күтүлбөгөн жерден мылтыктын үнү угулуп, талапкерди атып кеткендиги айтылат.
Мексиканын президенти Клаудиа Шейнбаум маалымат жыйынында кол салуу болгонун ырастап, кылмыштын себеби тууралуу азырынча маалыматы жок экенин айтты. Ал тийиштүү кызматтар иликтөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын белгиледи.
Шайлоо 1-июнда өтмөкчү.