Белгилүү эстрада ырчысы Асел Кадырбекова Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул тууралуу ырчы айым социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал жазгандай, сыйлык кечээ, 13-майда тапшырылган.
"Бишкек шаардык мэриясынан күтүүсүз чалуу болду. Бишкек шаардык кеңешине чоң рахмат!", - деп жазды ал.