Бишкекте 8 гектар жер мурдагы чиновниктин жакындарына өтүп кеткендиги аныкталды (видео)

Чүйдүн Сокулук районунун айрым кызмат адамдары жер ресурстары боюнча эрежелерди бузуу менен жеке баюу максатында, Бишкектин Баетов көчөсүндөгү 8,03 гектар жерди мыйзамсыз менчикке беришкен. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Белгиленгендей, аталган тилке коммерциялык максатта колдонууга даярдалып, Сокулук районунун мурдагы кызмат адамдарынын жакын туугандарына өткөрүлүп берилген. Тилкенин учурдагы ээси мүлктүн мыйзамсыз экендигин моюндап, мамлекетке кайтарды.

Учурда бул коррупциялык ишке тиешеси бар бардык кызмат адамдарын аныктоо иштери жүрүүдө.

14.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан