Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Таш-Көмүр шаарынын жашоочулары ичип жаткан суудан улам ооруларга чалдыгып жатканын билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымына караганда, аталган шаарда эл ичкен суу хлор менен тазаланбагандыктан, боор, бөйрөк оорулары көбөйүүдө. Мындан улам депутат президенттин парламенттеги өкүлүн таза суу маселесине көңүл бурууга чакырды.
"Таш-Көмүр шаарында боор, бөйрөк оорулары көп болуп жатат. Көрсө, мунун баары таза суудан болуп жатыптыр. Ал жерде эл ичкен суу азыркыга чейин хлор менен жакшы тазаланбайт экен. Ошол сууну эл ичип, анын алкагында көп оорулар пайда болуп жатыптыр. Бул маселеге көңүл бөлүп коюу керек", - деди депутат.
Ошондой эле Маматалиев сөз болуп жаткан шаарда канализация системи дагы иштебей турганын кошумчалады.