"Бөрк ал десе, баш алгандар". Депутат Алайдын 3 айылында үйлөрдүн 90-95 пайызы бузулуу алдында турганын айтты 

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Алайдагы жолду кеңейтүү үчүн бузулуу алдында турган үйлөр тууралуу маселе көтөрдү.

Эл өкүлүнүн айтымына караганда, 3 айылдагы үйлөрдүн 90-95 пайызы жолдорду кеңейтүү максатында буздурулганы жатат.

"Жакында Алайга барып келдим. Тилектеш айыл өкмөтүнө караштуу Биринчи Май, Кең-Жылга, Тогуз-Булак айылдарындагы үйлөрдүн 90-95 пайызы бөрк ал десе баш алгандардын айынан бузулуу алдында турат. Ал тоонун боорундагы айыл, Ош-Бишкек жолу эмес. Эмне үчүн ошол жердеги үйлөрдүн баарын бузабыз деп жатышат? Азыркы 6 метр жолду 26 метр кылышат экен. Мындай болсо ал жакта үй калбайт. Бузганы үчүн кенемте төлөбөсө же жер бербесе, эл эмне кылат?", - деди депутат.

Акаев президенттин парламенттеги өкүлүнө маселени тезинен чечүү үчүн тапшырма берүү керектигин эскертти.

Жогорку Кеңеш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан