Ош-Эркештам жолундагы үрөй учурган жол кырсыгы 2 адамдын өмүрүн алды

Ош-Сары-Таш-Эркештам жолунун 106-чакырымында оор жүк ташуучу унаалардын катышуусундагы жол кырсыгы 2 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалымдалгандай, каргашалуу окуя кечээ, 13-майда болжол менен саат 16:20 чамасында орун алган. Анда 1984-жылы туулган У.Ж. аттуу айдоочу Volvo FH-13.500 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы менен Dongfeng үлгүсүндөгү унаадан ашып өтүп жатып, каршы тилкеде келе жаткан Volvo FH унаасы менен сүзүшкөн.

Жол кырсыгынан Volvo FH үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу окуя болгон жерде, жанындагы жүргүнчү ооруканада көз жумду.

Учурда тийиштүү экпертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан