Түрк маданияты жана мурасы фонду Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Түрк мурастары борборуна заманбап мультимедиялык жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, жабдууларды кечээ, 13-майда фонддун президенти Актоты Райымкулова тапшырды.
"Фонд түрк элдеринин руханий биримдигин чыңдоого салым кошкон институттарга ырааттуу колдоо көрсөтүп келет. Бул жабдуулар Борбордун масштабдуу илимий жана билим берүү долбоорлорун ишке ашырууда эффективдүү курал болуп каларына ишенебиз", – деп белгиледи Райымкулова.
Белгилей кетсек, ушундай эле түрк мурасы борбору Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде да ачылган. Жакын арада Азербайжан, Түркия жана Польшада да ачылышы күтүлүүдө.